Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Индонезиянын жаңы президенти ант берди


Өткөн айда болгон Индонезиядагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сусило Бамбанг Одхойоно президент катарында ант берди.

Индонезиянын алтынчы президенти болуп калган генерал Одхойоно акыркы шайлоодо өлкөнүн мурдагы президенти Мегавати Сукарнопутри айым менен беттешип, Индонезиядагы алгачкы тикелей шайлоодо жеңишти колго алган.

Ант берүү каадасы Австралиянын, Малайзиянын жана Сингапурдун мамлекет башчыларынын катышуусу менен өттү. Анда Одхойоно өлкөнүн экономикасын жогорулатууну, террорчулук менен коррупцияга каршы күрөштү дагы да күчөтүүнү самай тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG