Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Баткенде нааразылык акциясы өттү


БАТКЕН. 21-октябрда Кызылкыя шаарынын 70 чакты жашоочусу шаардык төрөт үйүнүн көчүрүлүшүнө каршы болуп, нааразылык акциясына чыгышты. Алардын мындай кадамга барышына оорукананын жетекчилиги шаар бийлиги менен бирге төрөт үйүн башка имаратка көчүрүү аракетин көрүп жатканы себеп болгон.

Тургундардын айтымында көчө турган имарат талапка жооп бербейт, суу, жылуулук жок, тепкичтери өтө эле тар. Анын үстүнө рентген кабинети тургандыктан ал жер энелер менен наристелердин ден-соолугу үчүн кооптуу. Азыркы төрөт үйү болсо атайын ылайыкталып салынгандыктан бардык шарты бар.

Топтолгон эл менен шаардык оорукананын башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, төрөт үйү көчө турган имарат толук оңдолуп, бардык шарт түзүлөрүн айтышты. Мындай жоопко канааттанбаган шаар тургундары кол топтоп, бул маселе боюнча облус бийлигине кайрылууну чечишти.

XS
SM
MD
LG