ОШ. 21-октябрь күнү Ош шаардык мэриясында Баткен окуясынын беш жылдыгына карата баатырларча курман болушкан жоокерлерди эскерүү кечеси болуп өттү. 1999-2000-жылдары Кыргызстандын түштүк чегараларын бузуп кирген эларалык бандалык түзүлүштөр менен болгон согуштук аракеттерге Ош шаарынан аскерге чакырылган эки жүздөн ашуун уландар катышып, алардын сегизи кайтыш болуп, үчөө оор жаракат алган.
Ош шаардык мэриясынын чечими менен уруш талаасында курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн ар бирине бүгүн 4200 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Өз мекени үчүн кырчындай өмүрүн берген жоокерлердин оройуна багышталып куран окутулду.