Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Орусияда мигранттарга карата чаралар катуулады


БИШКЕК. Жакында Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн бир катар мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өткөн айда Түндүк Осетиянын Беслан шаарында болгон трагедиядан кийин көрүлүп жаткан мындай чаралар өлкөдө миграциялык жараяндарды катуу көзөмөлгө алуу максатын көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов маалымдады.

Буга чейин Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк атуулдар 500 рубль төлөө менен, депортацияланган. Мындан ары мындай мыйзам бузгандар 2,5 миң рубль өлчөмүндө айыппул төлөп, депортацияланышат жана аларга бул өлкөгө кирүүгө 5 жылга тыйуу салынат. Ал эми аларды жумушка алган ишканалар 200 миң рубль айыппул төлөшөт.

Акыркы маалыматтар боюнча учурда Орусияда 300 миңге жакын кыргызстандыктар бар. Алардын ичинен 80 миңи гана каттоодон өткөн. Акыркы 1,5 жылдын ичинде Орусиянын аймагынан Кыргызстандын 500 атуулу депортацияланган.

XS
SM
MD
LG