Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Жогорку Кеңеште 2005-жылдын бюджетин кароо үзгүлтүккө учурады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Бюджет жана финансы комитетинде өлкөнүн 2005-жылдагы бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоорунун каралышы үзгүлтүккө учурады. Премьер-министр Николай Танаев, каржы министри Болот Абилдаев катышууга келген бул жыйында депутаттар мыйзам долбооруна карата алар тарабынан айтылган сунуштардын эске алынбай калгандыгына нааразылыктарын билдиришип, аны талкуулоону токтотушту.

Буга чейин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары тарабынан 2005-жылдагы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө жалпысынан 2 млрд. 700 млн. сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү сунушталган. Министр Абилдаевдин айтымында, депутаттардын сунуштары боюнча мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө убакыт жетиштүү болгон жок.

Комитеттин чечими менен каржы министри мыйзам долбооруна депутаттардын сунуштары боюнча Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясына отчёт берет. Андан соң долбоор палатанын кароосуна коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG