Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Америка Кошмо Штаттары Беларуска санкция киргизди


АКШнын президенти Жорж Буш “Беларус республикасындагы демократия жөнүндөгү акт - 2004” аттуу документке кол койду. Муну менен ал Беларуска каршы санкциялар киргизилээрин билдирди. Буштун ишениминде, бул документ “Беларуста демократияны жайылтуу ишине жардам берет”.

Бул документтин жаралышына жакында Беларуста өткөн парламенттик шайлоо жана референдум себеп болгон. Буштун пикиринде “саясий окуялар акыйкатсыз өттү”.

“Эркиндик бүтүн дүйнөгө жайылып жаткан кезде Лукашенко Европанын как жүрөгүндө репрессивдүү саясий режимди куруп жатат”,-деди Буш.

Минскидеги коом, экономика жана саясат илимдери боюнча көз карандысыз институттун директору Олег Манаев Жорж Буштун бул билдирүүсүн жакшы жышаана катары баалады:

- Бул – Беларустун бийликтерине жиберилген белги. Анын мааниси – Беларустун ырасмий бийлиги өткөрүп жаткан антидемократиялык саясат эларалык коомчулук тарабынан, АКШ тарабынан кабыл алынбайт дегенди түшүндүрөт, - деди беларус саясатын иликтөөчү Олег Манаев.

Ал эми Беларустун тышкы иштер министрлиги АКШда кабыл алынган бул документти “достук мамиледеги өлкө жасабай турган кадам” деп тааный тургандыгын жарыялады. Андыктан эгерде эки тараптуу мамилелер начарлай түшсө, буга жоопкерчилик толугу менен АКШ өкмөтүнө жүктөлөт деп билдирди.

Казакстанда сапар менен жүргөн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ президентинин бул билдирүүсү тууралуу мындай деди:

- Дүйнөдө жаралып жаткан айрым проблемаларды санкциялар менен чечүү мүмкүн эмес, андыктан биз Буштун бул кадамын колдобойбуз.

XS
SM
MD
LG