Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Британия өз аскерлерин өрт күйгөн жерлерге жакындатат


Бүгүн Британиянын өкмөтү Ирактын түштүгүндөгү өзүнүн аскерлерин өлкөнүн жаңжалдуу борбордук районуна жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул аракет АКШнын өтүнүчү менен аткарылууда.

Британиянын Коргоо министри Жеф Хун бүгүн билдиргендей, Британия азыр Ирактын түштүк тарабында кызмат өтөп жаткан 650дөй аскерин өлкөнүн ушул тапта эң жаңжалдуу деп эсептелген жерлерине жөнөтмөкчү. Бул жараян бир канча жумаларга созулушу мүмкүн деди ал:

- Маселени кылдат изилдеп бүтүп, штабдын башчылары мага бул чечимди кабыл алууга мүмкүн экендигин, бул аракет британ күчтөрүнө кабыл алууга мүмкүн болчудай тобокелчилик экендигин айтышты.

Хундун айтымында, Британияда Ирактагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтүү тууралуу пландар жок.
Ал эми Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари бүгүн билдиргендей, Бириккен улуттар уюму Иракка январда өтүүчү президенттик шайлоого даярдык көрүүдө жетиштүү жардам бербей жатат.

XS
SM
MD
LG