Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

АКШда ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕКПИ?


Бир нече күндөн кийин америкалыктар өлкөнүн 44-президентин тандашат. Бирок чыныгы шайлоо бир айдан кийин, шайлоогерлер коллегиясы добуш бергенде болот. Адатта жеңүүчүнүн ысымы биринчи эле баскычтан кийин аталышы мүмкүн. Арийне АКШнын тарыхында 3 ирет 19-кылымда эки жолу жана кечээ жакында эле 2000-жылы элдин эң көп добушун алган талапкер Ак үйдү ээлебей калган. Мындан улам айрым эксперт-адистер шайлоогерлер коллегиясын жоюу же аны өзгөртүүнү сунуш этишүүдө.

Алгач мындан 4 жыл илгери болгон окуялар жөнүндө учкай сөз кылсак. Демократтардын талапкери, вице-президент Алберт Гор атаандашы - Техас штатынын губернатору Жорж Бушка караганда добушту көбүрөөк алган. Бирок шайлоогерлер коллегиясы Бушка артыкчылык бергендиктен, Гор утулуп калды. Американын конституциясына ылайык, коллегиянын добуштары элдикине караганда чечүүчү ролго ээ.

Шайлоогерлер ар бир штаттан тандалат. Алардын саны Конгресстеги өкүлдөрдүн санына барабар. 2-ноябрда америкалыктар бюллетендерин таштаганда иш жүзүндө алардын атынан добуш бере турган шайлоогерлерди шайлашат. Быйыл коллегия 543 кишиден турмакчы, ат салышууну жеңиш үчүн талапкерлер жок дегенде 272 добуш алышы керек.

Тарыхка кайрылсак, 200 жыл мурун ойлоп-табылган мындай эки баскычтуу шайлоо системасы бекер жеринен пайда болгон эмес. Биринчиден, Америка мамлекетинин түптөөчүлөрү монархияга каршы болсо да, элдин колуна кеңири демократия берүүдөн чочулашкан.

Экинчиден, коллегия талапкерлерди элге караганда жакшыраак тааныган адамдардан куралат деп болжолдонгон.

Үчүнчүдөн, шайлоогерлер ар бир штаттан тандалат. Муну менен федерализм принциби ишке ашырылып турат. Кээ бир аналитиктер азыркы системаны шарттаган үчүнчү факторду эң негизги деп эсептешет.

-Башкаруу иштеринде штаттарга маанилүү роль берилет. Анткени биздин өкмөт федералдык системага негизделет, - дейт Вашингтондогу Конституциялык изилдөөлөр борборунун директору Рожер Пайлон.

Бул система жакшы эле иштеп келаткан. Элдин добуштары менен шайлоогерлер коллегиясынын добуштары бири бирине дал келчү. Бирок жогоруда айтылгандай, элдин көбүрөөк колдоосуна арзыган Гор президент болбой калган. Мындан улам президенттин түз шайлануусун жактаган чакырыктар көбөйө баштады.

Кортланддагы университеттин профессору Роберт Шпитцер Американын президентти шайлоо сиситемасы алымча-кошумчалардан уттурбайт деп эсептейт. Ал жалпы элдик добуш берүүнү жеңген талапкерге кошумча 5 проценттин берилишин сунуш кылат:

-Улуттун добушун утуп алуу чоң мааниге ээ. Шайлоо ар бир штатта өткөрүлгөнү менен биз бир улутбуз. Биздин коом мындан 200 жыл илгеркиден абдан айырмаланат. Андыктан элге арзыган кандидатка кошумча артыкчылык берилиш керек.

Аны менен бирге профессор шайлоогерлер коллегиясынан баш тартуу туура болбойт, эки партиялуу системанын шартында эки баскычтуу шайлоо ыңгайлуу деген ойдо.

XS
SM
MD
LG