Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ДЕПУТАТ БОЛУП ТӨРӨЛБӨЙТ, ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫ, КЕЛЕРКИ СЫНОО ДАЯРДЫГЫ


Шайлоо кыргыз басылмаларынын бетинен түшпөс темага айланууда. Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда кайсы партия утушка ээ болгону, кимдер депутаттык мандатка ээ болгону, сыноонун көзкөрүнөө мүчүлүштөрү жарыяланууда. Жергиликтүү кеңеш шайлоосунан кийин парламентке өтүүгө талапкерлердин атаандаштыгы башталат. Азыртан эле шайлоо биримдиктерин түзүү, чоң сыноо даярдыгы күчүнө кирди.

«Депутат болуп төрөлбөйт, аны шайлашат», деп жазат бейшембидеги «Трибуна» гезити. Маалыматка караганда, «Адилет» партиясы бир жарым миңге жакын мандатка ээ болуп, жалпы республика боюнча 22% ашуун орунду ээледи. Андан кийинки орунду «Алга, Кыргызстан», үчүнчүлүккө «Жаңы күч», андан кийинкиге «Элет», артынан «Менин өлкөм» партиясын ээрчите келди. «Арнамыс» партиясынан бир адам Чүй облусунда депутаттык мандатка ээ болду, «ага Бишкектен орун тийбеди» деп кабарлайт «Трибуна» гезити.

Кыргызстан уран калдыктарынын таштандысына айланып калбайбы, деп суроо коёт Гүлнура Төралиева. Уран иштетүүчү Карабалта тоокен комбинаты ушу тапта каржылык кыйын абалга кабылып, кыйналып турган кези. Комбинаттын атын атагысы келбеген кызматкери жумушчулар жарым жылдан бери айлык маянасын алышпаганын айтып, ишкана кысталыш абалда акча табыш үчүн аргасыз экенин билдирген.

Ырысбек Өмүрзаковдун «Коррупция Кыргызстанда жеңилбейби?» деген макаласында күч министрлик кызматкерлери жарыбаган маянасы менен эле жаркылдаган жаңы машина минип, кооз үйлөрдө бардар жашап жатышканы баяндалат.

Бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити шаар кеңешине депутат болуп шайлангандардын тизмесин жарыялады. 24-октябрда жаамы дүйнө Бириккен улуттар уюмунун күнүн белгилешет. Эларалык уюмдун маалымдоосуна ынансак, дүйнө экологиялык коркунучтуу абалга түшүп баратат.

Жума күнкү «Агым» гезитинде Кадамжай сурьма комбинатында түзүлгөн кыйын кырдаалды баяндаган ишкана жетекчиси Кубаныч Кожоевдин макаласын жарыялады. Комбинаттын чыгарган продукциясын сатып алуучу чет элдик ишканалар башка сырьего өтүшүп, анын айынан ишкана оор абалга капталууда.

Басылмада Иманкадыр Рысалиевдин жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарына арналган макаласы жарыяланды. Анын ырасташынча
10-октябрдагы жергиликтүү кеңеш шайлоосу келерки жылдагы чоң сыноонун алгачкы кадамы.

«Агымдын» жаңы санында Алым Токтомушевдин энергетика менен газ тармагын менчиктештирүү маселесин чагылдырган «Шашып атышат» макаласы, ага улай Сейит Жаанбаев менен Абдыкерим Муратовдун улут тагдыры, трайбализм тууралуу ой жүгүртүүсү жарыяланган.

Президент А.Акаевдин чын-бышыгы белгисиз Москвадан сатып алган үйү, анын айланасында жергиликтүү басылмаларда жарыяланып жаткан аркыл маалыматтар, өкмөттүк гезиттин чабуулу тууралуу жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойттун «Айла куругандардын амалы» деген макаласында кеп болот. Журналист Татьяна Орлованын «Оюн дагы улантылышы мүмкүн» деген ой жүгүртүүсүндө жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы көз боёмочулуктар Жогорку Кеңешке депутаттарды тандоодо кайталанышы ыктымал экени айтылат.

Жума күнкү гезиттерде дагы кандай материалдар жарыяланганын журналисттердин өз оозунан уксак. Микрофондо «Аалам» гезитинин башкы редактор орунбасары Нарынкүл Назаралиева:

-«Адам соодалоо – аалам көйгөйү» деген журналист А.Насированын макаласы чыкты. Баяндамачыбыз Семетей уулу Таластын «Ыйманын жеген Батыш ыймандуу кыргыз келинине эмнени үйрөтмөкчү?» деген макаласы жарыяланып жатат. «Кыргызгаз» менен энергетика тармагынын менчиктештирилиши тууралуу парламент депутаттарынын кыргыз элине кайрылуусу чыгууда.

Кеп кезеги «Кыргыз руху» гезитинин редактору Болот Таштаналиевде:

-Кален Сыдыкованын «Ою арамдын – жолу арам» деген макаласы кетип атат. Советбек Байгазиевдин «ачык каттар тууралуу ачык сөз же ыйман сабагын каптаган туман тараганда» деген маеги жарык көрүүдө.

«Бишкек таймс» гезитинин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момунов:

-Республикабыздын келерки жыл бюджети тууралуу маалымдама берилүүдө. НАТО эми согуштук эмес уюм экени, ал террорчулук менен баңги бизнесине каршы күрөшүүгө өткөнүн, анын Кыргызстандагы иштери тууралуу макала жарыяланууда. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасынын орунбасары Кубатбек Байболовдун маеги жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG