Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Каракол шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияга чогулушту


КАРАКОЛ. Сессияда облустун экономикалык-социалдык жактан өнүгүшүнүн тогуз айынын жыйынтыгы 2004-жылга бекитилген облустук бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, жайыттарды пайдалануудан түшкөн ижара акысынын айрым бөлүгүн райондук мамлекеттик администрацияларга бөлүү, быйылкы жыл ичинде Ысыккөл биосфералык аймагынан түшкөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндөгү жана башка маселелер каралды.

Облустук кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселе тууралуу курч сын-пикирлерин билдиришип, жумшалган акча каражатынын так эсебин алуу боюнча сунуштарды киргизишти.

Облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Кабылбек Жумалиевдин маалыматына караганда, облус боюнча 3 миң 963 ишкана атайын каттоодо турганы менен, ушул тапта 1786 ишкана гана иштейт.

Сессияда ошондой эле жер, автоунаа жана башка жергиликтүү салыктардын квитанциясы чогултулушунан улам сегиз айлап эмгек маяна албаган айыл өкмөттөрүнүн башчылары бар экендиги белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG