Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:30

Нарында жана Таласта шаардык кеңештердин алгачкы сессиялары өттү


НАРЫН. Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин алгачкы сессиясында шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Темиш Абдрахмановдун билдирүүсү угулду жана төрага, төраганын орун басары шайланды.
Сессияга губернатор Аскар Салымбеков катышып, төрагалыкка үч талапкерди, анын ичинде жалгыз айым депутат Анара Эсенгулованы да сунуш кылды.

Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи эле турда депутаттардын 16 добушуна ээ болгон Нарын райондук социалдык фонд башкармасынын жетекчиси Амантур Абдыкеримов төрагалыкка шайланды.

Шаардык кеңештин 28 депутаттык мандаты үчүн 10-октябрдагы шайлоодо 83 талапкер ат салышкан. Шайлангандардын бирөө аял, 25 жогорку билимдүү, экөөсү атайын орто билимдүү. Депутаттардын бирөө 50 жаштан ашкан, жетөө 35 жашка чейинкилер.

Ушул эле күнү Талас шаардык кеңештин жаны шайланган 27 депутаты да уюштуруу маселесин талкуулашты. Шаар кеңешинин төрагалык ордуна Алымбай Керимбаев, Сыргабек Кулназаров, Кубанычбек Осмоновдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алгачкы эки депутат өз талапкерлигин алып салышты. Кубанычбек Осмоновдун талапкерлиги жашыруун добуш берүүгө коюлду. Анын жыйынтыгында сессияга катышып отурган 26 депутаттын он тогузу макул, жетөөсү каршы добуш менен Кубанычбек Осмонов Талас шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ал буга чейин Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, мэрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG