Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Баткен коогалаңынын беш жылдыгы Нарында белгиленди


НАРЫН. Нарын шаарында Баткен жана Афган согуштарында курман болгондорго тургузулган эстеликтин жанында салтанаттуу жыйын болду. Ага Баткен коогалаңынын катышуучулары, Ата мекендик согуштун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жыйында эстеликке гүлчамбар коюлуп, салюттар атылып, эскерүү сөздөр сүйлөндү.

Баткен коогалаңына катышкан жоокерлерге губернатордун, аскер комиссариатынын ардак грамоталары тапшырылып, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаттары берилди.

Нарын облустук аскер комиссары, полковник Дүйшөнбек Калмурзаевдин айтымында түштүктөгү коогалаңга Нарындан 295 жоокер катышып, жетиси курман болгон.

XS
SM
MD
LG