Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Жогорку Кеңештин депутаты сот жообуна тартылууда


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны Октябрь райондук соту тарабынан Конституциянын бузулушу жөнүндө маселени карады. Ага Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Абдыбек Суталинов катышты.

Маселенин чыгышына депутат Арсланбек Малиевдин апрель айында Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумунда сот бийлигине карата сын-пикир айтышы себеп болгон. Депутаттын сөзүн ар-намысына доо кетирүү катары баалаган Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Саатов Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, депутаттан өз пайдасына 150 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Райондук сот арызды граждандык тартипте карап, депутатты 25-ноябрга чейин аталган сумманы төлөп берүүгө милдеттендирген. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Октябрь райондук соттун Жогорку Кеңештин депутатына каршы граждандык ишти козгошун Конституциянын 56-беренесинин 4-бөлүмүнө каршы келээрин белгилешүүдө. Маселени талкуулоо дүйшөмбү күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG