АНКАРА. Түрк парламентинин мурдагы төрт депутаты өлкөнүн күрт улуттук азчылыгынын саясий укуктарын коргоо үчүн жаңы кыймыл түзүп жатышканын билдиришти. Сөз болуп жаткан мурдагы депутаттар "күрт сепаратисттери менен кызматташууда" деген айып менен мындан 10 жыл мурда түрмөгө кесилишкен.
Аларды "саясий туткундар" деп эсептеген Еврошаркеттин кысмагы менен Түркиянын апелляциялык соту экс-депутаттарды быйыл июнь айында камактан бошоткон болчу.
Бүгүн алардын иши Түркиянын жогорку сотунда каралып жатат. Экс-депутаттардын адвокаттары соттон алардын манданттарына койулган айыпты алып салуусун өтүнүшкөн. Экс-депутаттардын бири - Лейла Зана Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөн инсандардын бири. Ушул айда ага Еврошаркеттин Андрей Сахаров атындагы сыйлыгы тапшырылды. Лейла Зана ал сыйлыкка мындан 9 жыл мурда, түрмөдө отурган кезинде татыктуу болгон.