Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:30

ЛУКАШЕНКО ДИДАРЫ, ЧЕЧЕН СОГУШУН ТОКТОТУУ АРАКЕТИ, КОРРУПЦИЯНЫН ДЕҢГЭЭЛИ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда мурунку аптада жарык көргөн гезиттерде кандай орчундуу макалалар басылды? «Независимая газета» бейшембиде «Орусиянын өнөгү «диктатор» деген атка конду» деген аталышта макала басты. Андае Беларус президент АКШнын лидери ошентип аталганы кеп болот.

Буга дейре ырасмий Вашингтон «диктатор» деген сөздү Саддам Хусейн менен Фидель Кастрого карата колдончу эле деп жазат газета. Ырасмий Минск болсо америкалыктардан коркпой тургандыгын билдирген. Маселен, бул өлкөнүн экономика министринин орун басары Андрей Тур АКШ колдоно баштаган катаал чаралар тууралуу "АКШнын экономикалык санкциясы Беларусту коркута албайт", деген.

Лукашенконун айланасындагы окуяларга кайрылган дагы бир гезит - «Коммерсант» 22-октябрда "Беларус батькасын бийликтен четтетүүгө АКШ чындап киришкени байкалат. Ал август айында сенатор Жон Маккейни айткан «Биз эми Беларусту тирандан куткаруу үчүн күрөшөбүз» деген сөзүнөн башталган. Бирок авторитардык бийлик жүргүзүп аткан Беларус лидерин иштен четтетүү америкалыктар үчүн оңой болбойт, ал үчүн айлар эмес жылдар керек" деп жазган.

Азыркы тушта Вашингтон экономикалык санкция салган өлкөлөрдүн тизмеси: Иран, Куба, Мьянма, Түндүк Корея, Сирия, Судан, Зимбабве, ошондой эле Либерия жана Ливия.

Орусиянын айыкпас жарасы Кавказ аймагы болууда. Чеченстандагы согушту эске албаганда, Түндүк Осетия, Дагестан, а жакындан тарта Карачай-Черкес жумуриятындагы кан төгүүлөр буга күбө. Ушунун баарына тең Орусиянын федералдык күчү калканч болууда.

Жакында он жылдан бери басылбай келаткан Чеченстандагы жарыяланбаган согушту токтотуш керек деген чакырык менен "Орусиялык аскерлердин энелери" коому касташкан эки тарапка тең кайрылуу жасады. Көп өтпөй ал кайрылууга Масхадовдон жооп келген.

Ошол эле учурда "Орусия аскер энелеринин биримдиги" уюмун башкы прокуратурага бериш керек деп демилге көтөргөн офицерлер тобу да бар. Бул тууралуу макаланы «Коммерсант» бейшембидеги санында басты. Ал демилгени Мамдуманын депутаты Виктор Алскнис көтөргөн жана ал энелери союзу батыштын саясий тапшырмасын аткарып атат деп энелерди күнөөлөгөн.

Ошондон улам «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысы "Орусия аскерлеринин энелер комитетинин" жетекчисинин бири Валентина Мельниковага карылган. Жооп мындай:

-Согушта жеңилүүгө дуушар болуп аткан тарап – бул жоокерлердин энелери. Ошондуктан биз согушту токтотуу кимдин колунан келсе ошонун баары менен сүйлөшүү жүргүзөбүз.

«Правда» жума күнү «Transparency International» уюму жүргүзгөн анализдин жыйынтыгын жарыялады. Ал уюм дүйнөнүн бир катар мамлекеттериндеги паракорчулуктун деңгээлин иликтеп чыккан. Маселен, Орусия ал тизмеде 50-орунда. КМШдагы мамлекеттер ичинен Түркмөнстан экинчи орунда, Грузия онунчу, ал эми Кыргызстан 22-орунда.

Пара алып, пара бергенден качуу Арменияда экен, ошондуктан ал өлкө тизменин 64-орунун ээлеп турат. Ал эми коррупцияны такыр билбеген өлкөлөр деп Финляндия, Жаңы Зеландия, Дания, Исландия, Швейция жана Швейцария эсептелет.
XS
SM
MD
LG