Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ТҮНДҮК КОРЕЯ КУРАЛ-ЖАРАГЫН ЭКИ ЭСЕГЕ КӨБӨЙТҮҮНҮ АЙТУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Түндүк Корея АКШдан Пхеньянды коркутуп-үркүтүүнү токтотушун талап кылды. Болбосо ал өзүнүн ядролук куралдар арсеналын эки эсеге көбөйтө турганын билдирди. Бул жөнүндө 23-октябрда Түндүк Кореянын ырасмий маалымат агенттиги кабарлады. Бирок АКШнын мамдепартменти Пхеньяндан сүйлөшүү үстөлүнө кайтышын талап кылууда.

Жума күнү Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлиги АКШ Пхеньянга каратылган коркутуп-үркүтүү саясатын токтотууга тийиш экенин, болбосо Пхеньян ядролук арсеналык эки эсеге көбөйтө турганын билдирди. Ошону менен бирге эле Пхеньян ядролук программасын, ага саясий, экономикалык жеңилдиктер менен коопсуздук кепилдиктери берилгенде гана токтото турганын эскертет. Ал эми сүйлөшүү үстөлүнө кайрадан отурган соң Пхеньян эң оболу өзүнүн ядролук программасын эмес, кошуна Түштүк Кореянын ядролук эксперименттерин териштирүүнү каалайт.

Мындан бир нече жума мурда ырасмий Сеул 2000-жылы уранды байытуу боюнча бир катар жашыруун экспреимент жүргүзгөнүн, бирок ал жөнүндө Улуттар уюмунун Атомдук энергия агенттигин кабардар кылбаганын мойнуна алган болчу.

Пхеньян өзүнүн ядролук программасына байланышкан сүйлөшүүлөрдүн сентябрга белгиленген айланпасына катышуудан баш тартты. АКШ, Япония, Россия, Кытай жана Түштүк Кореянын катышуусу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты - Түндүк Кореяны ядролук программасын токтотууга көндүрүү.

Сүйлөшүүнүн июнь айында болгон айлампасында өлкөлөр Пхеньянга ядролук программасын жана ядролук арсеналына "кулпулап" койгонго үч айлык убакыт берүүнү сунуш кылышкан. Эгерде Пхеньян бул талапты аткарса эл аралык коомчулук Пхеньянга экономикалык жактан жардам берип, анын коопсуздугун кепилдемек болгон.

Ал эми дүйнө коомчулугунан бөлүнүп калган Түндүк Кореянын экономикасы оор бойдон кала берүүдө. Дүйнөнүн Азык-түлүк программасынын өкүлү Жеймс Моррис жума күнү Сеулда өткөн пресс-конференцияда Түндүк Кореяда аялдар жана балдар тамакты тойо жебей жабыркап жатканын билдирди:

-Биз азыр Түндүк Кореяда ачарчылыктан эң катуу жабыр тарткан аялдар, балдар, карылар, кош бойлуу аялдар менен бала эмизип жаткан энелерге өтө көңүл бурушубуз керек. Булар баары болуп кеминде 4 миллион кишини түзөт.

Айрым саясий байкоочулар сентябрга белгиленген сүйлөшүүгө барбай койуу менен Пхеньян Америкада 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун жыйынтыгын агылгалап турганын божомолдошот. Алардын көз карашында, ырасмий Пхеньян шайлоонун натыйжасында АКШда бийлик алмашаарына жана аны менен бирге АКШнын Түндүк Кореянын саясатында өзү үчүн кандайдыр бир оң бурулуш боло турганына үмүттөнүп турган шекилдүү.

Президент Жорж Буш Түндүк Кореяга басып киргенге Америка кызыкдар эмес экенин, Кошмо Штаттары болгону Түндүк Кореяга коркунучтуу куралдан арылууга жардам бере турганын бир нече курдай кайталап келатат.

Пхеньян өзүнүн арсеналында канча ядролук куралы бар экенин эч качан ачыкка чыгарган эмес. Бирок Кошмо Штаттардын болжолунда анда, бери дегенде 2, ары дегенде 8 атомдук бомба бар болушу мүмкүн. Түндүк Кореянын эл аралык коомчулуктун талабына мойун толгоп, ал тургай ага айбат көрсөткөн түр менен жооп кайтарганы, анда андай коркунучтуу куралдын жетиштүү арсеналы бар экенин божомолдогонго негиз берет.

Муну жакшы түшүнүп турган АКШ менен Түштүк Корея Пхеньяндын кыргын салуучу куралдарды ыктымал пайдалануусунун арты абдан жаман боло турганын эскертишкен. Ошону менен бирге эле Вашингтон Түштүк Кореяда жайгаштырылган 100 миңдей аскеринин үчтөн бир бөлүгүн азырынча чыгарып кетпегенге убада берген.

Мындан бир нече ай мурда АКШ Түштүк Кореядагы аскерлеринин 34 миңине жакынын чыгарып кете турганын жарыялаган. Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан маселе АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэллдин Азия өлкөлөрүнө башталган иш сапарынын көңүл борборунда болмокчу.

XS
SM
MD
LG