Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Таластагы маалымат борборунда адам сатууга каршы жыйын өттү


ТАЛАС. Жыйынга Талас университетинин студенттери чакырылып, «Маанай» кризистик борборунун адистери адам сатуунун Кыргызстандагы жагдайы, ага каршы аракет көрүүнүн жол-жоболору туурасында талкуу уюштурушту.

Жыйындын катышуучулары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесин да талкуулашты. Талас айылында мектеп жашындагы жогорку класстын алты окуучу кыз алакачуу жолу менен турмуш курууга мажбурлангандыгы жаап-жашырылгандыгын айтышты.

Талас облусунан бир нече кыз-келин коңшу Жамбул облусуна алдоо жолу менен кулчулукка сатылып, Тараз шаарындагы кыргыздардын «Манас ордо» коомунун жардамы менен бошотулган.

Адам сатуу маселесине байланыштуу семинарды Талас облустук аялдар демилгесин колдоочу «Аялзат» борбору ЮСАИДдин долбоорунун чегинде жүргүзүп келүүдө. Бир жылга эсептелген мөөнөт ичинде борбордун адистери облустун мектептеринде, орто жана жогорку окуу жайларында ушундай семинарларды өтүшүп, атайын чыгарылган адабияттарды таратышат.

XS
SM
MD
LG