Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Шайлоонун эрежелери туурасында семинар өтөт


БИШКЕК. 25-октябрда Ысыккөлдө «Чыр-чатактардын алдын алуу» деген темада Бириккен улуттар уюмунун демилгеси менен семинар өтөт. Ал беш күнгө созулат. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, семинарга күч министрликтеринин, прокуратуранын өкүлдөрү, губернаторлор, саясий партиялардын лидерлери жана Борборшайлоокомдун төрагасы катышат. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин маалымдоосуна караганда, семинарда келерки жылдагы шайлоону чыр-чатаксыз, адилет жана таза өткөрүү маселеси да талкууланат. Жыйын жабык эшик артында өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG