Армениянын президенти Роберт Кочарян кечээ күнү Тбилисиде Грузия президенти Михаил Саакашвили менен жолугуп, Грузиянын күчтүү мамлекетке айланышы Арменияга да пайда алып келет деп билдирди. Бүгүн ал өлкөнүн премьер-министри Зураб Жвания жана парламент спикери Нино Бурджанадзе менен жолукту.