Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

ЖАПОНИЯДА КАТУУ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ


23-октябрда Жапонияда болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 21 кишиге жетти. Тогуз жылдан берки эң катуу зилзаладан кеминде 2 миң адам жарадар болуп, дагы миңдеген киши үйсүз калды. Өткөн аптада болсо Жапон аралдарындагы тайфун 80ге жакын кишинин өмүрүн алып кеткен.

Ала салып жаткан автомашиналар, түп-тамыры менен жулунуп кыйрап калган бак-дарактар, ураган үйлөр, өйдүк-сөйдүк жолдор. Жер титирөөнүн эпицентри Ниигата аймагындагы Ойия шаарчасынын тургундары жекшембиде эртең менен өз калаасын тааныбай калышты. Көпчүлүк жашоочулар турак-жайларына кайтуудан коркуп, түнү бою көчөлөрдө өткөрүштү.

Жапония - сейсмикалык жактан алганда дүйнөдөгү эң активдүү зонада жайгашкан. Жер шарында болгон эң катуу жер титирөөлөрдүн дээрлик 20 проценти Жапон аралдарында болот.

Буга чейин эң катуу зилзала Кобеде 1995-жылы катталган. Күчү 7,3 баллга жеткен табигый кырсык 6,5 миңге чукул адамдын өмүрүн кыйып, 43 миң 700 киши жаракат алган.

Ишемби күнкү жер титирөө бир нече саатка созулду. Эң алгачкы силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 6,8 баллга жетти.

Метеорологдор зилзаланын кайталанышын эскертип, калкты этият болууга үндөп турушту:

-Бардык аймактарда коопсуздук чаралары көрүлүүгө тийиш. Силкинүү кайталанышы мүмкүн,-деп кабарлап турду метеорологиялык агенттиктин кызматкери Масахиро Ямамото.

Зилзаладан Токио менен Ниигата шаарын байланыштырган туннель урап калды. Ал эми Токионун эки аэропорту тең жабыркаган жок, деп маалымдалууда.

Темир жол департаменти болсо 150 кишини ташып бараткан экспресс жолдон чыгып, кулаганын кабарлады. Тилекке жараша жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар болгон жок.

Кырсыктан кийин чөлкөмгө дароо тик учактар жиберилди. Бирок караңгы кирип калгандыктан, куткаруучулардын иши бир аз кыйындай түштү. Жапониянын "Кызыл чырым уюму" жер титиреген аймакка 27 дарыгерин жибергенин кабарлады. Жапа чеккендерге эң керектүү гумманитардык жардам жеткириле баштады.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын жазышынча 68 миңге чукул киши башпаанага муктаж. 173 миң турак жай болсо электр кубатысыз калды.

Жер титрөөнүн алдында эле Жапония цунами сезонунан жапа чегип келген. Шаршембиде Токаге деп аталган эң күчтүү тайфундан 79 киши набыт болуп, он экиси дайынсыз жоголуп кеткен.

XS
SM
MD
LG