Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

25-октябрда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча 25-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:
Сары өзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +11...+16 градус жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД өрөөндөрүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +7...+12 градуска жылыйт.
Тоолуу НАРЫН аймагында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +6...+11 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн жаан жаайт, абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +13...+15 градус жылуу.

Кыргызстан жаңылыктарын Бурулкан Турдубек кызы жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG