БИШКЕК. Ушул жылдын төртүнчү кварталынан баштап калкты социалдык жактан коргоо саясатын өркүндөтүү планы ишке кирмей болду. Мындай тапшырманы мамлекет башчысы Аскар Акаев кечээ өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда кыргыз өкмөтүнө тапшырды.
Мындан тышкары президент энергетика жаатында аткарыла турган төрт милдетти белгиледи. Башкача айтканда - келерки жылы энергетика тармагындагы структуралык өзгөрүүлөрдү толугу менен ишке ашыруу, квазифискалдык таңсыктыкты азайтуу, 2005-жылдын 2-жарымында техникалык жана коммерциялык жоготууларды 30%ке чейин азайтуу, энергиянын азыркы тарифин кармап калуу үчүн бардык чараларды көрүү милдеттендирилди.
Белгилеп койчу жагы - энергетика тармагынын абалы жана өкмөттүн ага карата жүргүзгөн саясаты учурда Жогорку Кеңеш талкуулап жаткан олуттуу маселелердин бири болууда.