Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Коопсуздук кеңешинин жыйынына саясатчылардын пикирлери


БИШКЕК. Коопсуздук кеңешинин ишемби күнкү отурумунда көтөрүлгөн экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маселелерге саясатчылар жана коомдук ишмерлер ар кыл пикир айтышууда. Маселен, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков президенттин аталган маселеге берген баасын мамлекет башындагылардын бийликти күч менен сактап калуу аракети катары баалады. Депутат Ташболот Балтабаев болсо Кыргызстанда «Хизб ут-Тахрир» уюмунан башка терроризмди тутанта турган коомдук же башка уюмдар, күчтөр жок деп эсептейт. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда террордук коркунуч жок жана мамлекеттик жетекчилер болсо бул маселелерди террорчулукка каршы өнөктөштөрдүн аракеттерин колдоо максатында көтөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG