Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кытайга келди


Ал Кытайдын бийликтери менен Түндүк Корея, Тайванга байланышкан маселелерди талкуулайт. Мунун алдында Жапонияда болгон учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Түндүк Кореяны анын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөргө кайтаруу зарыл экенин билдирди:

-Биз алты тараптуу сүйлөшүүнү улантууну талап кылып жатабыз жана Түндүк Корея бул проблеманы чечүүнүн жалгыз жолу экенин канчалык эрте түшүнсө, биздин алдыга жылуубуз үчүн жакшы болот.

Колин Пауэлл ошондой эле АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан кризисти тынчтык жол менен чечүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

АКШ, Түндүк Корея, Жапония, Түштүк Корея, Орусия, Кытай ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алгачкы үч айлампасы жыйынтыксыз аяктаган. Өткөн айда болсо Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасына катышуудан баш тарткан болчу. АКШ мамлекеттик катчысы Кытайдан соң Түштүк Кореяга барат.

XS
SM
MD
LG