Ошондуктан биринчи кезекте ВИЧ-инфекциядан аскер адамдарынын оолак болушу тууралуу Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы 2001-жылы ВИЧ-СПИД боюнча кабыл алган декларацияда баса көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда дагы бул жагдайда мамлекеттик программа кабыл алынып, бирок иш үзүрү жакшы болбой келатат. Ал тууралуу Ошто өткөн семинардын жетекчиси, республикалык СПИД бирикмесинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Валентина Криченко айтып өттү:
- Кыргызстанда ВИЧ-СПИДдин алдын алуу боюнча мамлекеттик программа 2000-жылдан баштап иштеп келет. Бул программа боюнча ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүндө, чек ара кызматында, коргоо министрлигинде ВИЧ-СПИДдин алдын алуу чаралары тууралуу системалуу түрдө атайын семинар-окуулар өтүп турушу керек эле. Тилекке каршы жалпы Кыгызстандагыдай эле бул министрлик, ведомстволордо да акча каражаты жетишпегендиктен ал иш таптакыр унутта калган. Кырдаалдын кыйындап, маселенин маанилүүлүгү артып, акыркы чегине жеткен кезде аргасыздан ПРООНдун ВИЧ-СПИД боюнча кеңейтилген программасы жардамга келди. Ошол программанын каржылоосу менен минтип күч структураларынын медициналык мекеме жетекчилерин бир нече күндөп окутуп жатабыз. Максат - булар эми өз карамагындагыларды өздөрү окутуп алышы керек.
Бул - түштүктөгү күч структураларынын медициналык мекеме жетекчилери үчүн өткөрүлгөн биринчи семинар. Бишкекте деле биринчи жолу мындан он күндөй гана мурун өтүптүр. Семинардын угуучусу, Жалалабаддагы 5-батальондун командиринин тарбия иштери боюнча орун басары, дарыгери Курманбек Сокеев ВИЧ-СПИДке байланышкан эң коркунучтуу кырдаал ушул түштүктө экендигин баса белгиледи:
- Эң оор нерсени айтып кетсек, түштүк өрөөнүндө Ош, Жалалабадда Бишкек, Нарын, Таласка караганда ВИЧ көп тараган. Бул эмне деген оору экенин кээ бир жаш балдар түшүнүшпөйт. Шприц, презервативди кантип колдонуш керек, ушунун баарын китептерден, гезиттерден кызыгып окушса жакшы болот эле.
Баш кеңсеси Ошто жайгашкан экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин мобилдик куткаруу тобунун медицина кызматынын начальниги Абдалбек Жумашев сөздү төмөндөгүчө улады:
- Кыргызстан боюнча СПИД менен ооругандардын эң эле көбү Ош шаарында экен. ВИЧ-СПИДге чалдыккандардын саны Кыргызстан боюнча 610 болсо, Ош облусунда алардын 298 катталган, бул - 50 пайызын түзүп атат. Ал эми шаардын өзүндө 201 оорулуу бар экен. Азыр аскер дарыгерлерине түштүктү берди, мындан ары биз аскерлер менен иштейбиз.
Ички иштер министрлигинин Жалалабаддагы ички аскер бөлүгүнүн хирург-травматолог врачы Гүлмира Жанышева кайсы жагдайларда аскер кызматкерлерине ВИЧ-инфекциясы жугуп калышы мүмкүн экендигин жашырган жок:
- Бизде көбүнчө ички аскерлерде кечкисин солдаттар патрулга чыгат. Ийне сайынуу, жыныстык катнашуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен алдын алуу иштерин айтып, үйрөтөм.