Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

26-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Кыргызстан синоптиктеринин кабарлоосу боюнча бүгүн 26-октябрда Нарын жана Ысыккөл өрөөндөрүндө мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт, ал эми өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус жылуу болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20 градуска жылыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –1 градус сууктан +4 градуска чейин жылыйт, ал эми күндүз +11…+16 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +11…+16 градука жылыйт.
Ордо калаа БИШКЕКте күн ачык болот, абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +18…+20 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Шайырбек Эркин уулу.

XS
SM
MD
LG