Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Бюджеттик мекемелер кышка даяр эмес


ОШ. Облустук акимчиликтин кышка даярдыкты текшерүү боюнча комиссиясынын маалыматына караганда, облустун аймагында бюджеттик мекемелерди жылуулук, суу, электр энергиясы, жаратылыш газы менен камсыз кылуунун абалы начар. Бүгүнкү күнгө карата билим берүү мекемелеринин 54 пайызы, саламаттыкты сактоо мекемелеринин 58 пайызы, ал эми маданият тармагындагы кеңселердин 50 пайызы гана кышка карата даяр болгон. Электр тармактар ишканасы облустагы көптөгөн бюджеттик мекеме, уюмдарынын электр энергиясы үчүн карызы көбөйүп кеткендигине байланыштуу электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз боло тургандыгын эскертүүдө. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Шухрад Сабиров кышка карата даярдыкта айрыкча Каракулжа, Өзгөн жана Араван райондорунда начар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG