Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Укук коргоочу Коопсуздук Кеңешиндеги чечимдерди жактабайт


БИШКЕК. «Хизб ут Тахрир» уюму колуна курал алып, экстремисттик, террористтик аракеттерди жасоо эмес, ислам динин тынч жол менен таратуу максатын көздөйт» деп билдирди бүгүн укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун. Анын айтымында, ошого карабастан, Кыргызстанда бул агымдагы ондогон адамдар диний ишенимдери боюнча камалып атышат. Мындай пикирин укук коргоочу өткөн ишембиде болгон Коопсуздук Кеңештин отурумуна байланыштуу билдирип, анда каралган маселелер боюнча укук коргоо кыймылы билдирүү даярдап жатканын маалымдады. Коопсуздук Кеңешинде президент Аскар Акаев идеологиялык терроризмдин бир көрүнүшү катары «Хизб ут-Тахрир» саясий партиясынын ишмердигин атап, динге жан-дилин берген адамдар Фергана өрөөнүндө ислам мамлекетин орнотуу оюн ачык эле айтып жатышканын белгилеген. Мамлекет башчы адам укугун коргоого жамынып, бул уюмду жактап келаткандар чет өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да бар деп эсептеген.

XS
SM
MD
LG