БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 20дан ашуун адам пикетке чыкты. Алар энергетика тармагын менчикке берүүгө каршы болушуп, мына ошол багыттагы чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Пикетчилер менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна келаткан президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков жолугушуп сүйлөштү. Ал энергетика тармагын сатуу жөнүндө сөз жок деп билдирүүгө аракет жасады. Бирок нааразылык акциясына чыккандар ага ишенген жок. Талаш-тартыштын соңунда Болот Жанузаков бул маселени адистер чечиш керек, деген пикирин билдирди. Пикетке чыккан атуулдарды тартип коргоо органдары таратууга аракет жасаган жок.