Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Үйлөрү бузулгандар ачкачылык жарыялашты


БИШКЕК. Чүй районунун Чүй айылындагы 12 атуул бүгүн өз айылында мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Алар мындай акцияга 2003-жылы суу каптаган үйлөргө өкмөт тарабынан бөлүнгөн ссуданын берилбей жатышына байланыштуу чыгышкан. Бул тууралуу ачкачылык баштаган адамдардын өкүлү бүгүн маалымдады. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Мыктыбек Мангиев бул акция тууралуу маалыматы бар экенин ырастап, ага Чүй районундагы үйлөрдү суу каптап, бузулуп жатышы жана жабыркагандарга ссуданын берилишинин кечиктирилиши себеп болуп жатат, деп белгиледи. Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, район боюнча өткөн жылы 1259 үйдү суу каптаган. Алардын ичинен 50 үй кыйроо алдында, дагы 98 үй байкоо астында турат. Маселени иликтөө үчүн өкмөттөн 29-октябрда комиссия келери айкын болду.

XS
SM
MD
LG