Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:58

Чечен президенти А.Алханов адватчыларды тынч жашоого чакырды


Россиянын курамындагы Чечен Республикасынын президенти Алу Алханов чечен адаватчыларынын командирлери өз жоокерлерин куралсызданууга кепил өтсө, алар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди:

- Бул түздөн түз тынчтыкка жана аны бекемдөөгө багытталган кадам. Жикчи командирлер “Менин 100 колум бар, ошол 100 адам элге кошулуп, тынч жашайт”, - деп кепилдик беришсе, алар менен ар кандай сүйлөшүү, диалог жана кездешүүгө барса болот деген ишеничтемин. Мен республиканын башка жетекчилери менен чогуу Россия Федерациясынын президентине барып, берегидей сунушту жактоого даярмын.

Алханов Москвадагы пресс-конференцияда маалымдаганга караганда, буга чейин 5 - 7 миң чамалуу козголоңчу куралын таштап, тынч жашай баштаган.
Ал бирок эл аралык террорчу катары таанылган лашкер башчы Шамил Басаев менен эч кандай сүйлөшүү болбойт деди.

XS
SM
MD
LG