Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Судан: Дарфурда тынчтык орнотуу сүйлөшүүсү улантылды


Судан өкмөтү менен дарфурлук адаватчы топтор ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра уланды.
Судандын батышындагы Дарфур провинциясындагы чатактан улам 1, 5 миллиондой адам там-жайын таштап качкан. 70 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.
Америка Кошмо Штаттары араб согушчандардын эзелтен Дарфурда жашаган кара африкалыктарды кырып өлтүрүүсүн “геноцид” катары баалаган.
БУУ ырасмий Хартум кызыл кыргынды токтотуп, араб согушчандарын куралсыздандырбаса, Суданга каршы санкция киргизээрин билдирген.

Африка Биримдиги-АБ бейшемби күнү Дарфурга тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу маселесин талкуулай баштайт. Буга чейин АБнын Тынчтык жана коопсуздук кеңеши Дарфурга 3 миң ашуун аскер жөнөтөлү деп макулдашкан.

XS
SM
MD
LG