Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Алгачкы кыргыз генералы Ысакбек Мониевдин ысмы Ош шаарындагы көчөгө ыйгарылды


ОШ. Эл депутаттарынын Ош шаардык Кеңешинин чечими менен шаардын борбордук көчөлөрүнүн бири -Гүлчө көчөсү мындан ары Ысакбек Мониев атындагы көчө деп аталат. Алгачкы кыргыз генералынын атын көчөгө коюу аземине анын алайлык туугандары, эл депутаты Марат Султанов, социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Аземде сөз сүйлөгөн Марат Султанов биринчи жолу бүгүн Ысакбек Мониев тарыхый инсан экендигин далилдей турган окуя болуп жаткандыгын айтып, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу тарыхта айтылбай калган ак тактар эми гана ачылып жаткандыгын билдирди. Милициянын ардагери Мурзали Абдрахманов, агачкы кыргыз генералы Ысакбек Мониев жөнүндө тарыхый изилдөөлөр мектеп программасына киргизилип окутулушу кажет деген ойун ортого салды. Аземдин аягында Акматбек Келдибеков алгачкы кыргыз генералы жөнүндө тарыхый даректүү китеп жазылып жаткандыгын жана жакынкы убакта анын эстелиги Ош шаарында тургузула тургандыгын билдирди. Ысакбек Мониевге 1949-жылы Кытайдагы гоминдан режимин жок кылуудагы жасаган эмгеги үчүн генерал-лейтенант наам ыйгарылган. Ошол эле жылы Алматыдан Пекинге мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр үчүн учуп бара жатканда ал бараткан учак жарылып, генерал тогуз шериги менен бирге курман болгон.

XS
SM
MD
LG