Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Эл өкүлдөр жыйыны өкмөт башчынын маалыматын укту


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны бүгүн түштөн кийинки отурумунда палата буга чейин жактырган мыйзамдардын, кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча премьер министр Николай Танаевдин маалыматын укту.
Талкуу суроо-жооп иретинде болуп, анда депутаттар негизинен айыл чарба жумуштарына, кышка даярдыкка, калктын социалдык абалына байланышкан маселелерге кайрылышты. Шаршемби күнү Эл өкүлдөр жыйыны 2003-жылкы бюджеттин аткарылышы тууралуу өкмөттүн отчетун угууну белгилеп жатат.

XS
SM
MD
LG