Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Президент кайрылуусунда жаңылык жокпу?


БИШКЕК. Президенттин парламентке бул жолку кайрылуусунда жаңы нерсе айтылган жок. Мурдагы маселелер кайталанды, деп билдирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Элет» партиясынын лидерлеринин бири Ташболот Балтабаев. Анын айтымында, президент бийликтин алмашуусу жөнүндө да так маалымат берген жок. Эгерде мамлекет башчысы мыйзам чегинде бийлик алмашуусун кааласа-анда аны түз айтса болот эле, деди Ташболот Балтабаев. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Ишенбай Кадырбеков жана Орозбек Дүйшеев президент сөзүндө чакырыктар көп болгонун белгилешип, энергетика, медицина тармагы боюнча айтылган президенттин пикирине кошула албастыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG