Кыргызстан балдардын бактылуу турмушун камсыз кылган өлкө катары, эл аралык уюмдун тизмесине кирбей калды. Айрым байкоочулардын айтымында өлкөдө балдардын укугу одоно бузулуп, азыркы күндө өлкөнүн баш мыйзамы аркылуу берилген балдар укугу сакталбай келет. Айрыкча, өлкөдөгү жакырчылык балдардын бактылуу турмушунун кендирин кесип, алардын мектепке баруусу мындай турсун, өлкөнүн келечегин түзүүчү бул муундун азыркы күндө 65 пайыздан жогоркусу тамак-аш жетишсиздигинен өтө алсыз, оорулуу адамдарга айланган. Өлкөдөгү акыркы маалыматтарга караганда балдар арасындагы өлүм саны кескин өсүү жолу менен баратат. Ал гана эмес балдар арасында өз жанын өзү кыюу көрүнүшү да көбөйүүдө. Айрыкча, тоолуу райондордогу балдардын турмушу өтө оор. Алардын арасында ар кандай ооруулулар жайылган. Жакыр үй-бүлө балдары мектепке барбай калуусунун бирден-бир себепкери катары алардын кийим-кече маселеси болуп эсептелет. Тоолуу райондордогу суукка карабастан, кыш күндөрүндө балдар кытай «ширпотреби» чыгарган резина өтүктөрдү кийип, алардын көпчүлүгү ревматизм ооруусуна чалдыккан. Ал тууралуу «Күнбала» коомдук фондунун төрайымы Сагын Алай кызы:
- Жакырчылык эң биринчи кезекте балдар билим алуусуна өз кедергисин тийгизип атат. Бул балдар окубай калышты такыр эле. Акыркы кезде балдардын балалыгы балалыктай эмес. Булардын келечеги кандай болот эгер биз кам көрө албасак.
Ал эми өлкөдө Балдар кодексинин айрым беренелери кескин бузулуу менен ал эл аралык балдарды коргоо конвенциясына таптакыр жооп бербейт деп баалашат байкоочулар. Ош, Жалалабад облустарындагы балдар тамеки, пахта терүү иштерине кеңири тартылып, алардын эмгеги аёсуз эксплуатацияланат. Өлкөнүн ири базарларында мектеп жашындагы балдар оор жумуштарга чегерилип, аларды жалдап иштеткендер балдардын эмгегин аёсуз эзип келет. Бул багытта өз оюн «Балдардын укугун коргоо» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Токтайым Үмөталиева:
- балдардын укугу боюнча кодекс түзүлүп атат. Укуктук кодекси Болгарияда жана Великобританияда эле бар экен. Өнүккөн АКШда да балдардын укуктук кодекси деген документ жок экен. Бей өкмөт уюмдар жана донорлор ушул кодексти ишке ашырууга иш жүргүзүп атат.
Балдар биздин келечегибиз. Бул сөз азыркы күндө өлкөдө курулай гана ураандай таасир калтырат дейт байкоочулар. Арийне, өз келечегине кам көрбөгөн өлкөнүн келечеги да бүдөмүк деген ойлор да бекеринен айтылбайт дейт ушул ойдун чындыгына ынангандар.