Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Владимир Путин украин өкмөтүн мактады


Шейшембиде Украинага келген Орусиянын президенти Владимир Путин жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда орус президенти Украинада ушул жекшембиде өтүшү күтүлүп жаткан президенттик шайлоодо өлкөнүн премьер-министринин талапкердигин колдой тургандыгын бышыктагандай болду.

- Украинанын өкмөтү өндүрүшсүз чыгашанын өлчөмүн кемитүү менен каражатты негизги социалдык проблемаларды чечүүгө, мисалы, пенсияны жогорулатууга жумшай алды, - деп Владимир Путин, украин бийлиги тарабынан президенттикке көрсөтүлгөн талапкерди мактагандай болду.

Бул талапкер – Виктор Янукович – Украинанын премьер-министри. Януковичтин негизги атаандашы - Батышка ык алган саясатчы Виктор Юшенко.

XS
SM
MD
LG