Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды


БИШКЕК. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы боюнча жүргүзгөн иликтөолөрүнө ылайык, Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 107-орунда турат. Иликтөөлөр боюнча дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы өтө начар региондор катары Чыгыш Азия менен Ортоңку Чыгыш, ал эми эркин маалымат каражатары эң өнүккөн өлкөлөр катары Дания, Финляндия, Ирландия, Исландия, Норвегия жана Голландия белгиленген. КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөрүнүн ичинен Латвия сөз эркиндиги боюнча 10-орунда, Молдова –78-чи, Грузия 94- чү, Казакстан-131, Россия-140-чы, Өзбекстан – 142-чи, Беларусь 144-чү, Түркмөнстан 164-чу орунда турат. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун бул иликтөөлөрүнө анын 130 өлкөдөгү өкүлдөрү, дүйнөнүн 5 континентинин сөз эркиндигин коргоо боюнча уюмдары менен Ассоциациялары, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн кабарчылары катышты.

XS
SM
MD
LG