Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Кыргызстандын чекараларында кошумча чекара бекеттери ачылат


БИШКЕК. 2005-жылдын башында кыргыз-өзбек жана кыргыз-казак чекараларында кошумча чек ара бекеттери ачылат. Аларда жакында президент Аскар Акаев кол койгон жардыкка ылайык чекара кызматына кошумча алына турган 500 адам иштейт. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн чек ара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өткөн эки жылдын ичинде Кыргызстандын чекара кызматынын материалдык-техникалык абалы чыңалды.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик чекараны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн 236 чет өлкөлүк атуул кармалып, алардын ичинен 141 депортацияланган. Ал эми өткөн жылы - 137, 2002-жылы 59 чет өлкөлүк атуул Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн.

XS
SM
MD
LG