Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Чүй айылынын тургундары ачкачылык акциясын токтотушту


БИШКЕК. Бүгүн Чүй облусундагы Чүй айылында ушул дүйшөмбүдө башталган ачкачылык акция токтотулду. Бул күнү өлкөнүн турак-жай Департаментинин жетекчиси Айчүрөк Тазабекова Чүй айылына барып, акциянын катышуучулары менен жолукту. Ал Чүй айылында жер астынан чыккан суудан кыйроо абалына келген үй ээлерине 150 миңден 200 миңге чейинки өлчөмдөгү ссуда берилет деп билдирди. Учурда Чүй айылында 50 дөн ашуун үй бузулуу абалында турат. Ал эми өкмөт тарабынан аларга буга чейин жардам берилбегендиктен, 25-октябрда ачкачылык акция башталган. Кечээ ачкачылык кармагандардын саны 16 адам болгон. Бул акциянын катышуучуларынын бири Марита Жексенбаеванын маалыматы боюнча эртең менен ачкачылык кармагандарга дагы 4 адам кошулган.

XS
SM
MD
LG