Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, МИЛИЦИЯГА 80 ЖЫЛ, СОТТОШКОН “ТРИБУНА”


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан”, “Вечерний Бишкек” жана “МСН” басылмалары өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин калкка кайрылуусу тууралуу макалаларга орун берди.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемесинде журналисттер Антон Забайкальский менен Софья Бенгальская өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин Кыргызстан элине кайрылуусун талдоого алат. «Кыргызстандыктардын 80 пайызы келечекке оптимисттик маанайда карайт. Экспорт 41 пайызга, капиталдык салымдардын көлөмү 9 пайызга өсүп, туризм тармагы өнүгүп, газ жана энергетика тармагы менчиктештирилгени турат. Кыргызстандын экономикасы өнүгүү жолунда» дейт президент Аскар Акаев. «Эмки жылы февралда өтчү Жогорку кеңешке жана күзүндөгү президенттик шайлоолор Конституция жана шайлоо Кодексин сактоо менен өтөөрүн өлкө башчысы белгилегени менен жаңы президенттик мөөнөткө талапкерлигин коер же койбостугун ачык айткан жок», деп жазышат.

Ошондой эле ушул тиркемеде Темиржан Тукембаев өлкөдө улуттук идеологиянын жоктугун, Кыргыз жергесине түрдүү диний агымдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүктөрдүн келип жатканын жана кенебестиктин айынан кытай тили мамлекеттик үчүнчү тилге айланып калышы мүмкүндүгүн талдоого алат.

27-октябрдагы “МСН” басылмасында кабарчы Лариса Ли Жогорку кеңеште талкууга алынып жаткан өлкөнүн эмдиги жылкы бюджети тууралуу баяндайт. “Бюджеттин дефицити 502,7 миллион сом деп божомолдонуп, быйылкыдан 233 миллион сомго аздыгын, өнөр жай, айыл чарбасында өсүштөр болоорун, орточо айлык акы 6 пайызга көбөйүп, 2234 сомду түзөөрүн, өлкөнүн экономикасы өнүгөөрү божомолдонуп жатканын, мындай талдоону жана түшүндүрүүнү талап кылган кургак маалыматтар бир жыл боюу атуулдардын жашоосун дагы кысымга алаарын” жазат Лариса Ли.

Ушул гезиттин баяндамачысы Вячеслав Тимирбаев эгемендүүлүктү алгандан берки өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалга анализ кылып, менчиктештирүү саясатынын сабактары, өлкөдөгү жумушсуздук, жакырчылык, мамлекеттик жетекчиликтин так стратегиясы жана программасы жоктугун, экономикалык кризистин тереңдешин талдоого алган.

27-октябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы да өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин калкка кайрылуусу, 2005-жылдын бюджети, Европа өнүгүү жана реконструкция банкы Кыргызстандагы кичи бизнес, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө 17 миллион доллар бөлгөнү, Кытай аскер жетекчилери Кыргызстандык армияга 8 миллион юан техникалык жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүгө депутаттар эмне себептен каршы болушу, Бишкек шаардык кеңешке кимдер депутат болгондугу жана шайлоо кандай өткөндүгү тууралуу макалалар жарык көрдү. Ошондой эле Ош облустук кеңешине кимдер депутат болуп, эми парламенттик шайлоолорго кимдер талапкер болушу мүмкүндүгүн талдоого алышкан.

Басылманын баяндамачысы Сыргак Абдылдаев бул жолу Кыргызстан чет өлкөлөрдүн жардамысыз жашай алабы деген суроо коюп, жооп издейт.

28-октябрда басууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» жумалыгы өлкөнүн ички иштер тармагынын 80 жылдыгына арналган макалаларды даярдап жатышат. Ушул «Заман Кыргызстан» жумалыгына кандай мазмундагы макалаларга орун беилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Абдыкерим Муратов мындай деди:

- Мындан 80 жыл мурда 1-ноябрда өлкөдө биринчи милиция кызматкерлери уюшулганын белгилеп, бул тармактын көйгөйлөрү тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, полковник Жолдошбек Бусурманкулов баяндап берген. Өлкөнүн ички иштер тармагына ОБСЕ 3 миллион 660 миң евро бөлүп, жардам бергенин, кылмыштуулук 10,2 пайызга азайганын, 4907 кылмышкер кармалганын, учурдагы кылмышкерлер милициядан да мыкты куралданганын, алар менен күчөшүү кыйын экендигин айтып берген. Ошондой эле уурдалган балдар, жоголгон адамдарды издөө иштери тууралуу да макала бар. «Кара кыз» кино тасмасынын режиссеру Геннадий Базаров менен болгон маектешүү да жарык көрмөкчү.

Жума күнү жарык көрө турган “Трибуна” гезити Бишкектеги үй куруучулардын жергиликтүү шайлоолордо жеңилип калышынын себептери тууралуу макалаларга орун берди. Ушул гезиттеги макалалардын мазмуну тууралуу редактор Ырысбек Өмүрзаков мындай дейт:

- Гезиттин мурдакы санында Бишкектеги кароосуз калган балдар тууралуу макала жарыялаган. Ушул макала үчүн Бишкектеги кароосуз калган балдарды реаблитациялык борбордун директору Петрашевский гезитти сотко берүүдө. Ушул жагдай тууралуу макала чыгууда. “Бермет” акционердик коомунун директору Бүбүкан Утилованын өзүн-өзү билип, коомдун мүлкүн сатып жатканы, өлкөнүн атуулдары аманат акчаларын алдатып жиберип, өндүрө албай убара болушу тууралуу баяндамалар бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG