Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Палестиндиктер, Араб лигасы жана Европа биримдиги Израиль парламентинин кечээки чечимин жалпысынан кубаттап чыгышты


Эсиңиздерге сала кетели, Кнессет кечээ кечинде палестин аймактарынан жөөт конуштарын көчүрүү планын жактырган эле.
Бирок Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот Газа тилкесиндеги израильдиктерди чыгарып кетүү тынчтык планынын бир бөлүгү болуп калууга тийиш деген пикирин айтты.
Араб Лигасынын төрагасы Амр Муса болсо бул планды ишке ашыруу маалында палестиндер менен арабдардын укуктары сакталышы керек деди.
Хамас радикалдуу тобунун басма сөз өкүлү жөөттөрдүн чегинүүсү уюмдун жеңиши болуп калат деп билдирди.
Ал эми Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон бул маселе боюнча референдум өткөрүү идеясын четке какты. Мындай сунушту мурунку өкмөт башчы Беньямин Нетаньяху башындагы 4 министр киргизизген. Премьер макул болбосо министрлер отсавкага кетебиз деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG