Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Палестин лидери Ясир Арафаттын саламаттыгы кескин начарлап кеткени кабарланды


75 жаштагы палестин лидери соңку эки аптадан бери бейтап болчу, Рамалланын өкүлдөрү ал катуу сасык тумоого кабылганын маалымдашкан. Айрым кабар агенттиктери Арафат кечээ кечинде бир саамга эс-учун жоготконун билдиришкен эле, бул маалымат ырасми тараптан ырасталган жок, бирок ал кабарга удаа өткөн түнү Иорданиялык догдурлар тобу шашылыш түрдө Палестинага жеткирилди. Арафатты 25 жылдан бери дарылап келаткан иорданиялык белгилүү дарыгер Ашраф Курди жолго чыгар алдында палестин лидеринин орун басарлары "тез жардам" сурап кайрылганын гана айтты.

XS
SM
MD
LG