ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад базарынын сыртында соода жасаган адамдар нааразылыгын облустук, бирде шаардык бийликтин алдында утуру улантышты. Алар жергиликтүү бийликтердин шаарды иретке келтирүү, таза сактоо буйругуна көнбөй, санитардык милиция айдап жаткан иш орундарынан козгобоону, чет өлкөлүктөргө көрүлгөн камкордуктарда шарт түзүүнү, ишканаларды жүргүзүп, жумуш менен камсыз кылууну талап кылышты. Салыктарды төлөсө да укуктарынын корголбогонуна, 148 адам кол койгон кайрылууну облустук бийликтин кабыл албаганына нааразы болуу менен маселени өздөрү билгендей чечээрин билдиришти. Буйрук чечимдер туура эмес болсо прокуратурага кайрылууну сунуштаган облустук бийликтин маалыматы боюнча бош турган базарларда иштөөнү каалабаган соодагерлердин азыркы орду санитардык талапка жооп бербейт жана өрт коопсуздугу сакталбайт.