Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Сох анклавындагы озбек чек арачыларынын мыйзамсыз жол тосуулары токтотулду


БАТКЕН. Сох районундагы өзбек чек арачылары Баткендин Таян айылына кире бериш жерге мобилдик күзөт деген шылтоо менен өз алдынча чыгып алышып, түрдүү шылтоолор менен Кыргызстандык автоунааларды көпкө кармаарын, буга нараазы болгон Дара айыл өкмөтүнүн калкы облус бийлигине маселени жөнгө салуу өтүнүчү менен бир канча жолу кайрылышканын буга дейре кабарлаганбыз. Мындай арыз-даттануулардын негизинде облустук бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Сох районунун акими Хакимжан Сайфидинов жана Сох чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада өзбек чек арачыларынын мыйзамсыз жол тосуулары токтотулду. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 28-октябрда алынды. Ал эми жергиликтүү тургундардын пикирине караганда бул убактылуу гана көрүнүш болушу мүмкүн. Анткени, былтыр да ушундай сүйлөшүүлөрдөн соң жол тосуу аракетин токтотушкан өзбек чек арачылары бир аз убакыттан соң мыйзамсыз аракеттерин кайра эле улантышкан. Баткен районундагы Кыштут, Дара айыл өкмөттөрүнүн калкы Баткен шаарына келүү үчүн Өзбекстандын Сох анклавын басып өтүүгө аргасыз.

XS
SM
MD
LG