Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

«МСН» газетасы президенттин пресс-катчысын сотко берет


БИШКЕК. «МСН» гезити президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылат. Бул тууралуу аталган басылманын башкы редактору Александр Ким бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, юристтер тарабынан арыз даярдалды жана кийинки аптанын башында сотко тапшырылат. Бул арыздын берилишинин себеби, Абдил Сегизбаев орусиялык «Экспресс газета» интернет-басылмасында жарыяланган президент Акаев Москвадан 6 млн АКШ долларына турак-жай сатып алды деген макала «МСН» гезити тарабынан заказ кылынган деп маалымдаган. Өлкө башчысынын Москвадан турак-жай сатып алгандыгы жөнүндөгү маалымат «Экспресс газета» интернет-басылмасында жана «МСН» гезитинде ушул айдын башында басылган.

XS
SM
MD
LG