Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

АКШ президенттигине талапкерлер Иракта жардыргыч заттардын жоголушу тууралуу…


АКШда президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер: учурдагы президент Жорж Буш менен анын негизги атаандашы, сенатор Жон Керри шаршембиде шайлоо өнөктүгү алкагындагы сөздөрүндө Иракта 340 тонна жардыргыч заттын жоголгондугу тууралуу маселени козгошту.
Керри республикалык партиянын атынан дагы бир президенттик мөөнөткө талапкер катарында көрсөтүлгөн Жорж Бушту Иракта коопсуздукту камсыз кыла албайт деп айыптады.

- Бул жаңжал улам күчөп жатат жана америкалыктар бул учурда эмне болуп жаткандыгы тууралуу, ага карата президенттин аракеттери тууралуу толук кабардар болуп турууга укуктуу.

Ал эми президент Жорж Буш, өз кезегинде, Керрини “тыянак чыгарууга өтө эле ашыгып жатат” деп айыптады жана анда президент болууга тажрыйбасы жетишпейт деди.

- Биздин адистер бул маселени терең изилдеп жатышат. Жардыргыч заттар америкалык аскерлер Иракка киргенге чейин деле өлкөдөн чыгарылган болушу мүмкүн. Мында иликтөө иштеринин мааниси зор жана ал жүрүп жатат. Ал эми фактыны билбей туруп, тыянак чыгарганга аракет кылган талапкер сиздер башкы командачы катарында көрүүнү каалаган адам эмес деп ойлоймун.

АКШда президенттик шайлоо келээрки аптанын шейшемби күнү өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG