«Элим менен элим үчүн» коомдук фондунун лидерлеринин бири Гүлшайыр Садыбакасова өткөн эки айдын ичинде алардын катарына миңге жакын адам мүчө болуп киргендигин сыймыктануу менен белгиледи. Садыбакасова айымдын сөзүнө караганда алар Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен узартуу демилгесине бүгүнкү күнгө карата эки жарым миңден ашуун кол топтошкон. Акаевдин үчүнчү мөөнөткө баруусуна жол издөө менен, аны өлкөнүн Баш мыйзамын бузууга түртүп жаткан жоксуңарбы деген айрым журналисттердин суроосуна Гүлшайыр Садыбакасова төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
- Бул конституцияны бузуу эмес. Конституциянын өзүндө эки мөөнөткө шайланса болот деп жазылган. Бирок андан сырткары эгерде падыша алгылыктуу, жакшы иштерди жүргүзгөн болсо президенттин өзүнүн, референдум аркылуу элдин калоосу менен дагы мөөнөтүн узартса болот деп жазылып турат. Жаңы чыккан конституцияда жазылып турат, 300 миң кол топтолсо президентти колдогон, аргасыздан элдин сунушуна макул болгонго барат, - дейт Гүлшайыр айым.
Ал эми «Агым» гезитинин кабарчысы Алишер Токсонбаевдин эгерде Беларусиядагыдай референдум уюштурулуп, эл толкуй турган болсо анын жоопкерчилигин өз мойнуңарга ала аласынарбы деген суроого теригип кеткен «Элим менен элим үчүн» фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев көз каранды эмес маалымат каражаттарынын журналисттерин батыштын буюртмасын аткарып жаткан чыккынчылар деп атады:
- Бул темада мен эле эмес, башкалар да сүйлөп жатат. Жакшы нерселерди көрүп туруп, жаман нерселерди сүйлөгөнгө силерди эмне түртөт. Адам катары өзүңөр сүйгөн мамлекетиңерди, элиңерди, жакшы нерселерди жамандап, жаман жагын алып чыгышты мен туура эмес деп ойлойм, - дейт Аманбай Сатыбаев.
Ошол эле маалымат жыйынында «Агым» гезитинин кабарчысы Алишер Токсонбаев Аманбай Сатыбаевдин көз каранды эмес маалымат каражаттарынын журналисттерин эл алдында негизсиз жерден чыккынчы деп айыптаганы үчүн сотко бере тургандыгын жарыя кылды:
- Ага мен дагы «Агым» гезитинин кабарчысы катары катышып, бул уюмдун лидери Аманбай Сатыбаевге суроо узаттым эле, бул жигит менин суроомо түз жооп бериштин ордуна тескерисинче кыжыры кайнап «силер чыккынчысыңар, айрым массалык маалымат каражаттары, анын ичинде сизге окшогон гезит, радиолор чет өлкөлүктөрдүн акчасына сатылып, ошолордун пайдасына иштеп, жакшы нерселерди көрбөй, жамандыкты жазып атасыңар. Бул боюнча бизде жетиштүү маалыматтар бар» деп бакылдады.Ошондуктан мен өз укугумду, журналисттик аброюмду коргоо максатында Ош шаардык сотуна кайрылдым, - дейт Алишер мырза.
Ал эми Оштогу оппозициялык маанайдагы «Ойгон Кыргызстан» жаштар кыймылынын тең төрагасы Замирбек Бөжөнов «Элим менен элим үчүн» коомдук уюмунун аракеттерин калктын маанайын текшерип жаткан бийлик эксперименти катары баалады. Анын пикиринде мындай аракетти журтчулук колдобойт:
- Булар элге чыкпай атат. Мисалы Гүлшайыр Садыбакасова, Аманбай Сатыбаев Ошто кабинетинин ичинде отуруп алып, Акаевди дагы бир мөөнөткө узартабыз деп атат. Биз мисалы региондорго чыгып элдерди аралап, жаштар менен сүйлөшүп атабыз, элде эч кандай андай пикир жок. Жакында «Элим менен элим үчүн» фонду презентациясын өткөрдү, алтымыштай гана адам келди. Бул деле элдин колдобогондугунун натыйжасы болуп эсептелет, - дейт Замирбек Бөжөнов.