БИШКЕК. Нарын облусунун Жумгал районундагы Минкуш шаарчасынын жанына көмүлгөн уран калдыгын тезинен башка жакка көчүрүү зарыл. Улуттук илимдер Академиясынын, Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинин адистери кирген мекемелер аралык комиссия мына ушундай чечимге келди. Буга Минкуш шаарынын жанындагы Туюксуу деген жерде көлөмү 700 миң кубметрди түзгөн жер көчкүнүн жыла баштагандыгы түрткү берди. Адистердин айтымында, жер көчкү август айынан бери күнүнө бир сантиметрден жылып, Туюксуу суусунун нугун бүтөп калуу коркунучун жаратты. Эгер ал жер көчүп кетип, сууну бууса бийиктиги 30, узундугу 200 метрлик көлдү пайда кылат. Көл жарылып кетсе уран калдыгы көмүлгөн жайды жууп, уу затты Көкөмерен жана Нарын суусуна куюушу ажеп эмес. Ушундан улам адистер уран калдыгы көмүлгөн жерди көчүрүү, ага чейин техникасы жана атайын даярдыгы бар отрядды ошол жерге туруктуу жайгаштырууну сунуш кылды. Адистердин эсеби боюнча, уран калдыгын башка жерге көчүрүү үчүн кеминде 1 миллион доллар зарыл.