Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Бейөкмөт жана комерциялык эмес уюмдар Ассоцациясы Тапиа Саавалайнен менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Улуттук банктын имаратында Бейөкмөт жана комерциялык эмес уюмдар Ассоцациясы, Бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолугушту. Жолугушууда Тапио Саавалайнен Кыргызстандын бюджетинин аткарылышы жана Эл аралык валюта корунун программасынын ишке ашырылышы тууралуу маалыматтар менен таанышканын билдирди. Ошондой эле кыргыз өкмөтү менен айрым бир маалыматтарды тактоо максатын көздөп келгендигин маалымдады. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, “айрым социалдык маселелерди чечүүдө жана тарифтерди коюуда эл аралык валюта кору кыргыз өкмөтүнө көрсөтмө берүүдө”, деген божомолду айтышты. Саавалайнен эл арлык валюта кору кыргыз өкмөтүнө эч кандай көрсөтмө бербестигин жана ар бир ишти меморандумдун негизинде жүргүзөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG